16 января 2019, 11:14

Бекназаров: Биз да биригип чоң партия түзүп калышыбыз мүмкүн

 

 

2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Бүгүнкү күндө парламенттин иши сынга алынып, күчү жок деп, аны менен катар оппозиция да жок экени айтылып келет. Парламенттик шайлоо алдында саясий биригүүлөр болору анык. Оппозициялык күчтөр шайлоо алдында бириге алабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Буга байланыштуу Super.kg порталынын "Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө ал кимдерден турушу керек?" деген соболуна саясий ишмер Азимбек Бекназаров жооп берди.

Ал КСДП партиясы оппозициялык партия катары сакталып кала турганын айтты.

“Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы сөзсүз түрдө оппозициялык партия катары сакталып калат. Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен чыгат. Эгер биз иштерибизди баштап алсак, биригип чоң партия түзүп калышыбыз мүмкүн”, - дейт Бекназаров.

 

7 комментариев
  1. Мир
    Адахан мырза акылынан болсо Азимбек шаклга алданба Кошулсан Бутун Кыргызстан парламенте отпойт бул 100% чындыкты Башка партиями шакалдарды кошпойт
  2. Азик
    Бульдозерди кошкон партия дароо рейтингин төмөн түшүрөт
  3. Ника
    "Шакалдар" деген партия мындай немеге жарашат
    1. Тима
      Сагачы кандай жарашат Озуно бир нерсе жарашабы
  4. Азат
    Эркек киши да
  5. Нур
    Бульдозер менен чыккан партияга Эч ким добуш бербей
  6. Макс
    Булдозердин акчасы түгөнгөн го сыягы

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021