17 января 2019, 09:34

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Жанат Бейшеновдун талапкерлиги транспорт министринин кызмат ордуна каралат

 

 

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында транспорт жана жолдор министринин кызмат ордуна сунуш кылынган Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Бейшеновдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Аталган министрдин кызмат ордуна сунуш кылынган талапкерди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети караган.

Жанат Бейшенов 1970-жылы туулган.

1993-1996-жылдары "Альтаир" соода-сатык компаниясында иштеген.

1996-1997-жылдары "Эржан" Кыргыз-Орусия биргелешкен ишканасынын директору болгон. 1998-2000-жылдары өкмөт аппаратында иштейт, 2005-жылга чейин Чехиядагы соода сатык боюнча өкүл болгон.

2005-жылдын октябрь айында транспорт министринин орун басары кызматына келген.

2017-жылы Евразия экономикалык комиссиясында темир жол транспорту бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болгон.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021