17 января 2019, 09:54

Жыйынга футболка кийип келген депутат: Жыйынга чейин үч жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле

 

 

Кечээ, 16-январда парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду Жогорку Кеңешке футболка кийип келгени үчүн сынга алган. Өз кезинде Тынысов бул абалды: "Бул футболка эмес, свитер. Жетекчибиз ооруп калганына байланыштуу мага бул жакка келеримди эртең менен эле айтышты", - деп түшүндүрдү.

 

Андан кийин вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш "базар" эмес экенин айтып, жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган. 

 

Талантбек Тынысов Super.kg порталына бул абал боюнча өзүнүн пикирин айткан: "Мен кечээ абалды аларга түшүндүрүп айттым. Бирок ошондой мамиле болду. Азыр да мамлекеттик кызматкер болуп тургандыктан эч нерсе дей албайм, алардын өздөрүнө койдум. Ага чейин 3 жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле? Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Менде да кемчилик бар. Бирок, барарымды алдын ала билсем андай кийим менен бармак эмесмин. Айтор мен айткан себепти түшүнгүлөрү келген жок", - деп айткан ал.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021