21 января 2019, 16:02

Адахан Мадумаров Атамбаев менен иштешип, 100 миң доллар акча алды деген маалымат тууралуу айтып берди

 

 

— Мадумаров мурунку президент Атамбаев менен иштешип, андан 100 миң доллар акча алыптыр деген маалымат тарады. Экс-президент менен чын эле бир болууну чечтиңизби?

 

— Булардын абийиринин жоктугу, коомго ким жат көрүнүп калса, мени ошого жармаштыра коюш керек. Алты жыл бою такыр Атамбаевге жакындаткысы келбеген, Атамбаевди алты жагынан ороп алып, Мадумаров деген «бөкөчөнү» жолоткусу келбеген азаматтар бүгүн мени Атамбаевге жармаштыра алышпай кыйналып жатышат. Аларда ариет, намыс деген жок. Бакиевге жармаштырып бүтүштү. Ал эскирип калды. Кыргызстанга мокочо кылып көрсөтө турган жаңы киши табылып калды эле, ошого сөзсүз түрдө Мадумаровду жабыштырып коюш керек.- билдирген Мадумаров.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021