Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде президенттин азыркы күнгө карата каталарын айта албай турганын билдирди.

Ал он күн убакыт берилсе, өлкө башчы кетирген катачылыктардын баарын далилдер менен айтып берерин белгиледи.

«Президенттин иштешине убакыт, мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Ал коррупция менен тууганына да, досуна да карабай аёосуз күрөшөрүн айтууда. КСДП партиясындагылар дагы паракорчулук менен кармалып камакта отурат. Коррупция менен күнү-түнү күрөшү зарыл», — дейт Төрөбаев.

Ал буга кошумча, өткөн президенттик шайлоо чоң сыноо, тажрыйба топтоо процесси болгонун белгиледи.

«Саясатта багыттар өзгөрүп калышы мүмкүн. Бул жаман көрүнүш эмес. Мисалы, мен мактсат коюп анын үстүндө иштейм. Багыттарымды анализдеп карап чыктым. Биз саясаттан чыккан жокпуз. Ар бир адам жеңилүүнү көтөрүп, жеңишке жеткендерди куттуктай билүүсү зарыл. Саясий маданияттуулукту көтөрүш керек», — дейт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, эл өкүлү Бакыт Төрөбаев 2017-жылкы президенттик шайлоого “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн. Кийин дагы бир талапкер Өмүрбек Бабанов менен биригүүгө барган.

4 комментария
  1. Кана
    Красиво лизанул , профессионал и есть профессионал
  2. Абай
    Бакыт Ака, ырдап эле журо берсениз болмок, тракторлор деле тугонгон окшойт, корунбой калды
    Сиз, Бабанов президент болот, мен премьер болом дегенден кийин, чё то башкача отношения сизге
  3. ЭРК
    Президенттин катасы болгон күндө деле Төрөбаев айта албайт, тескерисинче мактайт, даңктайт. Бул депутат бир нече жолу эл арасында өзүн мурда эле толук көрсөтүп койгон, ММКдагы интерьвюларына маани бериштин кажети жок. Президентибиз ушундай кошоматчылардан алыс болушу керек, булар байлык мнен бийлик үчүн эч кимди эч нерсени карабайт, мамлекетибизди жана элибизди да көзүнө илишпейт, мындайча айтканда адамдык сапатты, баалулукту жоготушкандар.
    1. Germaniadan
      Ta aitasyn Kosomatyyk kyyp okmot basysyn ktiip, p asam dit go Okmot basysy b oink ms da

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021