22 января 2019, 14:20

Абылгазиев ооруп жыйынга келген жок. Депутаттар кечээ премьер оорубай эле, футбол көрүп отурганын айтышты

 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин эки комитетинин жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу маалымат угуусунаи катышкан жок.

Депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына өкмөт башчы өзү келиши керектигин айтып, эмне себептен келбей калганына кызыкты.

Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков премьер-министр ооруп жатканын билдирди.

Ал эми депутаттар кечээ премьер-министр оорубай эле, футбол көрүп отурганын сөз кылышты.

Депутаттар мындай маселе каралып жатканда жетекчилер орун басарларын жибербей, өздөрү келиши зарыл экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ өкмөттүн басма сөз кызматы Абылгазиевдин вице-премьер-министрлер менен Кыргыз-БАЭ беттешин көрүп жаткан сүрөтүн социалдык тармакка жайгаштырган.

 



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021