"Өкмөт премьер-министр футбол көрүп жатат деп пиар кылбай эле койгулачы" деген оюн бүгүн, 23-январда депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Премьер-министр түндө футбол көрүп жатат" деп социалдык түйүнгө чыгарган пиар топту жумуштан бошоткулачы", - деди депутат.

 

Белгилей кетсек, өкмөттүн басма сөз кызматы "премьер-министр, вице-премьер-министрлер Кыргыз-БАЭ футбол боюнча беттешин көрүп жатат" деген сүрөтүн социалдык тармакка жайгаштырган.

 

Кечээ депутаттар Абылгазиев комитет жыйынына эмне себептен келбегенин сурашканда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков премьер-министр ооруп жатканын маалымдаган.

Ал эми депутаттар премьер-министр оорубай эле, футбол көрүп отурганын айтышкан.

1 комментарий
  1. Никола из Томбова
    Пиарщиктери чайниктер болсо эмне кылышсын Только чай кайнаттатда!

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021