24 января 2019, 12:16

Момбеков: Жол чарба департаментинин кармалган жетекчиси АКШга качып кетти деп уктук

 

 

"Жол чарба департаментинин кармалган жетекчисин АКШга качып кетти деп угуп атабыз" деп бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

 

Депутат бул кызмат ордун душманына дагы каалабай турганын айтты. "Бул тармак эң коррупциялык аймак. Азыркы Сирияда абал кандай болсо, Транспорт жана жолдор министрлигинде абал ошондой. Ал жакка баргандар үч нерсе алат экен. Пара алат, чакыруу кагазын алат жана түрмөгө "путёвка" алат. Башка жыргаган эч нерсе көргөн жокмун. Ал жакты сиз тазалайсыз же алар сизди жазалайт. Үч министр абакта отурат, 5-6 суракта, 2-3 качып кетишти. Жол чарба департаментинин жетекчиси кармалган эле, азыр АКШга качып кетти деген кептерди угуп атабыз. Миналардын үстүндө жүргөндөй, сиз бул тармакта коррупциянын үстүндө жүрөсүз. Же коррупцияны жок кыласыз же жабыркайсыз", - деди Момбеков.

 

Учурда парламентте транспорт жана жолдор министрлинин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатат.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021