jump to
5 февраля 2019, 13:06

Бажы кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келинген тамеки продукциясын кармашкан

 

Мыйзамсыз ташылып келинген тамеки продукциясы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областынын “Достук” районунда А.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “ДЭУ Калос” үлгүсундөгү автоунаа токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын салонун жана багажын караган учурда, Германияда өндурүлгөн акциздик маркасы жок 4000 пачка “Compliment” маркасындагы тамеки продукциясы табылган. Кармалган автоунаанын айдоочусу А.С. ЕАЭБтин бажы аймагына тамеки продукциясын мыйзамдуу ташып келе жаткандыгын тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын орточо базар баасы 240000 сомду түзөт. Бул факт “Түштүк-Батыш” бажысынын кылмыштарды каттоо журналына каталып, чогултулган материал Ош облустук прокуратурасына Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн жана мыйзамга ылайык чара көрүүгө өткөрүлүп берилди.

 


Бажы кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келинген тамеки продукциясын кармашкан

 

Бажы кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келинген тамеки продукциясын кармашкан

 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter