jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
5 февраля 2019, 16:11

Журналисттер эмнеге Кашкар Жунушалиевге нааразы болушту?

 

Журналисттер эмнеге Кашкар Жунушалиевге нааразы болушту?

 

Маалымат жыйында көпчүлүк журналисттер ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге суроо берүүгө үлгүрбөй калды. Бул тууралуу Sputnik.kg маалымдайт.

Маалымат жыйын саат 10:00дө башталып, жалпысынан 60 ЖМК катталган. Алардын 20сы гана суроо бергенге жетишти. Саат болжол менен 11:30дарда министр акыркы суроого жооп берип жатканын айтып, кетүүгө камынды.

 

Көптөгөн журналисттер суроо берүүгө мүмкүндүк берүүнү суранышты, бирок министр суроолорду жазуу түрүндө жөнөтүүсүн өтүнүп, жыйындар залынан чыгып кетти. Чыгып баратканда социалдык тармактарда аны кызматтан кетүүсүн талап кылгандар бар экени боюнча суроо берилип, ал жоопсуз калды.

"Кезек министрлик тарабынан ЖМКлардын каттоодон өтүшү боюнча түзүлүптүр. Журналисттер бардыгы суроосун берүүгө жетишпей калды", — деди кабарчыбыз.

ИИМдин маалымат кызматы белгиленген убакытта бардык журналисттер суроосун берип жетишмек эмес деп айтты. Кийинки жолугушууларда ЖМК өкүлдөрүнүн сунуштарын эске аларын билдиришти.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
1 комментарий
  • Читатель
    Самое некомпетентное руководство МВД сейчас за всю историю милиции

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter