jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
6 февраля 2019, 11:33

Депутат Космосбек Чолпонбаевге: Сиз министр катары сынга кабыларыңызды билип туруп унаадан баш тартсаңыз болмок

 

Депутат Космосбек Чолпонбаевге: Сиз министр катары сынга кабыларыңызды билип туруп унаадан баш тартсаңыз болмок

 

Депутат Улан Примов бүгункү Жогорку Кеңештин жыйынында, саламаттыкты сактоо министринин кызматтык унаасы боюнча айтып өтту.

 

"Саламаттыкты сактоо министрлигинде көргүлүктү иштер болгон жок. Сиздин кызматтык унааңыз катуу талкууга алынды. Буга бир гана депутаттар эмес, эл да нааразычылыгын билдирди. Сиз министр катары кандай сынга кабыларыңызды билип туруп унаадан баш тартсаңыз болмок", - деди депутат.

 

Космосбек Чолпонбаев "Мен ал унааны өзүм алган эмесмин. Унааны сатып алуу долбоордун алкагында ишке ашкан", - деп жооп берди.

 

Улан ПРимов "Тез жардам" унааларынын абалы начар, ошол кызматтык унаага кеткен акчаны материалдык техникалык-базаны, гемодиализ аппараттарын алууга жумшасаңыз болмок", - деген оюн айтты.

 

Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйында “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланууда.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter