jump to

 

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирде жашап жаткан 9 адамдан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. . Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ага ылайык, облустук Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкери кылмыштуу адамдардын тобу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүрүшкөндүгү боюнча ыкчам маалыматтарды алган. Топтолгон материалдар башкармалыктын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү (мыйзамсыз курал-жарактарды, ок-дарыларды сактоо) менен жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүшү башталган.
«5-февралда ыкчам тергөө тобу көп кабаттуу үйлөрдүн бирине барган учурда, андагы батирдин ичинде 9 жаран олтурган. Алардын арасында бирөө гана мурда соттолбогон болсо, калгандары мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап, сот жообуна тартылган атуулдар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да болгон. Батирди тинтүү мезгилинде эч кандай документи жок, колго өзгөртүлүп жасалган бир даана сайлуу ок атуучу курал, 10-65 калибрдеги 8 даана атууга жарактуу ок-дарылар алынды. Андагы далил буюмдарга баллистикалык экспертиза дайындалды», - деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Тергөө учурунда жогорудагы мыйзамсыз ок атуучу курал жана ок-дарылар кылмыштуу топко шериктеш болгон, мурда тоноочулук боюнча соттолгон Сузак районунун Чангыр-Таш айылынын 1988-жылы туулган тургуну Т.Ы. өзүнө таандык экендигин мойнуна алган. Ал КРдин ЖПКнын 98-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Ал эми калган 8 атуул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

«Териштирүү учурунда кармалгандардын арасынан буга чейин издөөдө жүргөн, 1993-жылы туулган Ш.у.З. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №43 (Кызыл-Кыя) мекемесинен КРдин КЖКнын 349-беренесинин 1-бөлүмү менен качып жүргөнү ачыкталды. Бул атуул Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Марказ айылынын тургуну болгон. Буга чейин соттолуп, (Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси) автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу, уурулук, тоноочулук жана киши өлтүрүү фактылары менен эркининен ажыратылган», - деп айтылат маалыматта.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter