jump to
7 февраля 2019, 10:56

Кыргызстандык жана өзбекстандык адамдар Россияда атып өлтүрүлүп, автобус менен кошо өрттөлгөн

 

Кыргызстандык жана өзбекстандык адамдар Россияда атып өлтүрүлүп, автобус менен кошо өрттөлгөн

 

Россиянын Магнитогорск шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык адамдарды атып өлтүрүп, өрттөп кетишти. Бул тууралуу News.ru басылмасы жарыялаганын Тurmush.kg кабарлайт.

Маалыматка караганда, алардын денелери кичи автобус менен кошо өрттөлгөн. Эксперттер алар өрттөлгөнгө чейин эле атылып өлтүрүлгөндүгүн такташкан. Унаа өрттөнүп жатып жарылып кеткен. Каза болгондор Өзбекстан менен Кыргызстандын Махмуд Жумаев, Алишер Каимов жана Альмир Абитов аттуу жарандары экендиги аныкталды.

«Газель» үлгүсүндөгү унаа 1-январда Карл Маркс көчөсүндө өрттөлгөн. Буга чейин бул көчөдөгү көп кабаттуу үйдө жарылуу болгон. Окуя алар өлтүрүлгөнгө чейин 1 күн мурда болгон.

Расмий маалыматтарга караганда, унаадагы өрттүн үйдүн жарылышына эч кандай тиешеси жок.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter