jump to
7 февраля 2019, 12:49

Канат Жумагазиев Бишкек шаардык милициясынын башчылыгына дайындалды

 

Канат Жумагазиев Бишкек шаардык милициясынын башчылыгына дайындалды

 

Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Канат Жумагазиев дайындалды. Тийиштүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койгонун ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал эми шаардык милициянын буга чейинки жетекчиси Сталбек Рахманов кызматынан бошотулуп, Күбөлөрдү мамлекеттик деңгээлде коргоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Ал эми аталган башкармалыктын мурдагы башчысы Сталбек Курөңкеев ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды.

Канат Жумагазиев 1977-жылы 10-февраль күнү төрөлгөн. Ал 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин бүтүргөн. Жумагазиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына келгенге чейин Чүй облусунун ОИИББинин башчысы болуп эмгектенген.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter