jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
7 февраля 2019, 15:43

Эдил Байсалов: Раим миллиондун баардык тапкан акчасы, топтогон мүлкү адал

 

Эдил Байсалов: Раим миллиондун баардык тапкан акчасы, топтогон мүлкү адал

 

– Эдил мырза, эмнегедир парламенттин ишине ичи жылыбагандар четтен чыга баштады. Айрым билермандар 1-2 айдын ичинде тараарын айта башташты. Парламент тарайт деген маселе бышып калдыбы?

 

– Парламенттик шайлоого аз эле калды. Таратканга эч кандай негиз деле жок. Бирок, аларды таркаткан да оңой эмес. Өздөрү болсо таркашпайт. Ошондуктан “парламент тарайт” деп дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок.

 

– Ишенбай Кадырбеков “Жогорку Кеңештин регламенти сырттан келген акчага көз каранды болуп калды” деген оюн айтыптыр. Кошуласызбы?

 

– Жогорку Кеңештин регламенти “Ак Жолдун” заманынан эле туура эмес жазылып калган. Эффективдүүлүгү аз. Бирок андан сырткары дагы практикасы да башка багытка кетип калган. Мисалы, азыр комитеттердин ролу абдан төмөн. Пленардык убакыттын көбүнчөсү текке кеткендей сезиле берет. Анан мына жанагы кодекстердей өтө чийки жана ойлонулбаган мыйзамдар кабыл алынып атканы ошондон.

 

– Эмне үчүн барган сайын парламент алсыз болуп, парламентке “мыйзам жазайын”дегендер эмес,“байлыгымды, бизнесимди коргоюн”- дегендер келе баштады?

 

– Мен депутаттардын өзүн эмес, бери жагын айтып берейин. 2015-жылкы жардамчылардын штатын кыскартуу чечими өтө туура эмес болгонун мына азыр көрсөк болот. Депутатка физически жанагынча долбоорлор менен танышууга, ошол эле убакытта шайлоочулар менен байланышып, алардын маселелерин чечүүсү мүмкүн эмес. Биздин каражатыбыз албетте, жетишпейт, Европа же Америкалардай ар бир депутатка ондон жардамчы берүүгө. Бирок, жок эле дегенде 3-4 болушу керек. Ансыз мына кесепеттери баарыбызга тийип атат. Бул жерде үнөмдөө жөнүндө сөз болбошу керек. Эгемендүүбүзбү – ошонун чыгымын көтөрөлү.

 

 

-“Райым миллиондун” мүлкү иликтенсин деген эмнеден кабар берет?

 

-Анын мүлкү текшерүүгө алына баштаганы эч нерседен кабар бербейт. Тескерисинче коомчулукту: “анын баардык тапкан акчасы, топтогон мүлкү адал” деген жоопту укканга даярдаш керек. Укканда таң калбай, шок болбой турган кылып.

Banner
2 комментария
  • Алтыша
    эдик хоть и педик, но сказал правду, Готовьте народ, что у Раима ничего не найдут!
  • Акопян
    Эдик Колбаскин много не трещи лишнего Итак как старая сплетница А то все узнают, какой ты ориентации на самом деле Вас в пендос-агенты специально таких отбирают

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter