jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
8 февраля 2019, 18:13

Мелис Турганбаев: Жетекчилик кызматты президент жана өкмөт сунуштады

 

Мелис Турганбаев: Жетекчилик кызматты президент жана өкмөт сунуштады

 

Мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектейт. Бул тууралуу «Марал» радиосуна өзү билдирген.

Анын айтымында, тиешелүү буйрук бүгүн, 8-февралда чыкты. Жумушка качан кирише турганы белгисиз. Жаңы жетекчи менен мамлекеттик кызматтагы абал жана өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маектештик.

 

-Мелис мырза, сизди кызматка ким сунуштады?

 

-Мага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектөөнү мамлекет башчы сунуштады. Ошол эле учурда аталган кызматка барып иштеп беришимди өкмөт дагы сунуш кылды. Буйрукка кол коюлду, азыр күтүп жатам. Чакырышса барып, жалпы эмгек жамааты менен таанышам.

 

-Бул кызматка келүүгө эмне себептен макул болдуңуз?

 

-Эми мамлекетке иштеш керек. Жазаларды аткаруу кызматында көйгөйлөр көп. Ошондуктан кызматка барууга макул болдум.

 

-Алгач жумушту эмнедеп баштайын деп турасыз?

 

-Кызматка баргандан кийин биринчи эмгек жамааты менен таанышуу керек. Абакта жаткан жарандардын маселесине көңүл бөлөм. Алардын укугу башка жарандардай эле, абактагы жашоо шартын карайбыз. Жумуш менен камсыздаш керек. Мурда ар бир абакта заводдор бар болчу. Алардын баарын кайра ишке киргизүү керек. Андан кийин жумуш менен камсыздалат. Жаза алып жаткан жарандар заводдордо иштеп, айлык алуусу керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын Таалайбек Жапаров жетектеп келди.

 

Эске салсак, Мелис Турганбаев 2014-2016-жылдары Ички иштер министри болуп турган. Ошондой эле учурда Спорттук күрөш боюнча федерациянын вице-президенти.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
6 комментариев
  • Гость Толик
    Сапардын өкмөтүнө караганда азыркы Абылгазиевдин өкмөтү жакшы иштеп жатат Ар кайсыны бир айтканды токтоткула
  • Эрик
    Мелис Турганаев кызматта жүргөндө эле өз ишин так аткарып бир катар иштерди жургүзгөн Анын кызматка келишине ичинерди тарытпагыла
  • Читатель
    Доверили козе капусту
  • Кыргыз
    Почему на него не возбудили уголовное дело, ведь это же он в свое время отменил тендер по безопасному городу и создал потрульную милицию и опять работала старая схема те деньги капали ему в корман
  • Маке
    Блят заебали нахуй все время ставят одни и тех же старых пердунов! суки! жекшенкулов отунбаев и этот тургунбаев пример этому с**а соке и абулгазиев, идите нахуй за вашу кадровую политику в народе столько молодых, а они опять за старых пердунов! вот суки шакалы!!!
    1. Жайлоо
      Бляяят зайбал нахуй АШАнын шыпыргысы Ичин күйсө туз жала

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter