jump to
8 февраля 2019, 18:23

Саламаттыкты сактоо министрлигинин экс-министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин экс-министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду

 

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин экс-министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде шектелип жатат.

 

"УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдарына таянсак, Батыралиев Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамына ылайык бөйрөктүн 5-даражадагы оорусу менен жабыркаган бейтаптарды дарылоочу гемодиализди алууда мыйзамдагы талаптарды бузган. Бул факт боюнч аудит түзүлгөн. Мындан соң Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында мамлекеттик казынага 107 миллион сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен 7-февралда экс-министр Талантбек Батыралиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу маалымат жөнөтүлдү. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренесинин (көз көрүнөө пайдасыз келишим түзүү) негизинде кылмыш иши козголду", - деп билдирет УКМК.

 

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • Азамат
    В конце скажут, что он не при делах оказывается, а виноват Сапар Исаков или кто-то из тех кто уже сидит в сизо Все так и будет

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter