jump to
11 февраля 2019, 11:43

Депутат: Азыркы өкмөт башчы боштук, жооштук кылып жатат

 

Депутат: Азыркы өкмөт башчы боштук, жооштук кылып жатат

 

 

Депутат Рыскелди Момбеков Super.kg порталынын "КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка келүүгө ким татыктуу?" деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берген.

Эл өкүлү билдиргендей, премьер-министрликке экономиканы кыйын билген киши керек.

 

"Тигил же бул адам татыктуу деп айта албайм. Эгерде кайсы бир адамдардын талапкерлиги каралса бул киши жарайт, тиги жарабайт деп айтмакмын. Депутаттардын, өкмөттүн, президенттик аппараттын, оппозициянын ичинен талапкерлерди караса болот.

Кызматы так, жүрөгү ак адам премьер-министр болсо өкмөттүн иши алга жылат. Ошондой эле өкмөт башчынын эрки бекем болушу кажет. Бул кызматка тартипти катуу кармай алган бош эмес, жоош эмес адам келүүсү шарт. Азыркы өкмөт башчы боштук, жооштук кылып жатат. Тартип болгон жерде ийгилик болот. Өкмөт башчы экономиканы кыйын билиши зарыл", - дейт Момбеков.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter