11 февраля 2019, 12:46

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева: Мен жаңы эле кызматка келсем "кет" деп жатасыңар

 

 

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов "өкмөттүн бюджетти толтурууга акылы жетпесе кетиши керек" деген пикирин билдирди.

 

"Өкмөттүн бюджетти толтурууга акылы жетпесе, мындай өкмөттүн кереги жок. Алар кызматтан кетип, жеке менчик тармакта иштесе туура болот. Бюджетти толтура албай жатабыз деп бул мыйзам долбооруна каршы чыкканыңар туура эмес", - деди депутат.

 

Анда финансы министри  Бактыгүл Жээнбаева: "Мен жаңы эле кызматка келсем "кет" деп жатасыңар. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса бюджетке канча каражат түшпөй кала турганын сурадыңар, мен жооп бердим. Минтип айтканыңар туура эмес да", - деди.

 

Депутат Мадеминов бул сөз Бактыгүл Жээнбаевага тиешелүү эмес экендигин айтты.

 

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин комитети жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

 

 



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021