jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
12 февраля 2019, 11:44

Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров абактан бошотулдубу?

 

Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров абактан бошотулдубу?

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов абактан бошотулду деген маалыматты четке какты. 

Аталган бөлүмдүн маалымат кызматы кабарлагандай, учурда эки саясатчы тең абакта.

"Кубанычбек Кадыров да, Бектур Асанов да учурда абакта отурат. Азырынча соттун чечиминде өзгөрүү бар деген кабар жок", - деди маалымат катчы.

Буга чейин Турсунбек Акун жогоруда аты аталган саясатчылардын абактан бошотулганын айтканын Super.kg жазып чыккан. Ал өз сөзүндө мындай кабарды саясатчылардын жактоочусу билдиргенин кошумчалаган.

Кадыров менен Асанов "бийликти күч колдонуу аркылуу басып алуу жана региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыпталып жаткан. 


Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter