jump to
12 февраля 2019, 13:10

Дайынсыз жоголгон окуучунун денеси Караколдогу мал базардан табылды

 

Дайынсыз жоголгон окуучунун денеси Караколдогу мал базардан табылды

Каракол мал базары

 

Бүгүн, 12-февралда эртең менен Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы мал базардан адамдын жансыз денеси табылды. Turmush маалымдагандай, маркум 11-класстын окуучусу экени аныкталган. 

Күбөлөр окуучу баланын денесинде тактар бар экенин, токмок жеген деп болжолдонуп жатканын билдиришти. Ал эми Ысык-Көл ОИИБ бул фактыны тастыктап, учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатышканын билдирди. 

Айрым маалыматтар боюнча, каза болгон окуучу — 2000-жылы туулган Д.А. шаардагы мектептердин биринде акыркы класста билим алып жаткан. Ал акыркы жолу атасынан түнкү саат 24:00 чамасында суранып чыккан.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter