jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
13 февраля 2019, 10:25

"Коопсуз шаар": Айып пул төлөбөгөн айдоочу мүлкүнөн ажырашы мүмкүн

 

"Коопсуз шаар": Айып пул төлөбөгөн айдоочу мүлкүнөн ажырашы мүмкүн

 

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев журналисттерге жол эрежесин бузуп, айып пул төлөбөгөн жарандарга кандай чаралар көрүлө тургандыгы тууралуу айтып берди.

 

" Жол эрежесин бузган адам бир ай аралыгында айып пул төлөшү керек, болбосо туум кошула берет. Айдоочу айып төлөөдөн кача турган болсо, биз сотко кайрылабыз. Эгерде бул учурда дагы айып пул төлөнбөсө, анын мүлкүн алып коюу каралат",- деп билдирди Сатыбалдиев.

Ага кошумча, айып пул төлөнбөсө унааны кайра каттоо мүмкүн эмес.


Эскерте кетсек, 12-февраль күнү Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. Жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга айыппулдар тууралуу билдирүү келип турат.

 

Азырынча камералар Бишкектин төмөнкү даректеринде орнотулду:

 

Жибек Жолу — Жаш Гвардия Бульвары,

Жибек Жолу — Фучик,

Чүй — Фучик,

Чүй — Бейшеналиева,

Чүй — Жаш Гвардия Бульвары,

Бөкөнбаев — Абдрахманов,

Жибек Жолу — Абдрахманов,

Чүй — Курманжан Датка,

Москова — Абдрахманов,

Горький — 7-Апрель.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
6 комментариев
  • Жан Марино
    Элди ойлобой эле озулорунун чонтокторун ойлошот, карапайым элди ойлогон бир да чиновник жок, айлык акы которойун деген бироо да жок, а мамлекетке тологонго баары макул, элди ойлобогон бийликтин кимге кереги бар, эртерээк ойлонбосонор чиновниктер элдин кыжыры келди аягы жаман бутот силер учун
  • Aisuluu Omorova
    Баарына,макул дейликА,бирок ошол тушкон айып пулдун эсебин ким козомолдойтОорукана,мектеп,бала -бакча,айыл чарба,деги койчуКанча,деген койгойлуу маселе чечилбей ара жолдо жататЭлдин,эсебинен окмоттогу иштеген чондор эмнени ойлоп атышатЭлге,жыйынтыгын иш жузундо жалпы маалымат эмес,кагаз турундо эмес,тескерисинче ишканаларды,оорукана,илим-билим беруу жакка жумшаганын элдин талабына ылайык келтиришсе кана
  • Тилек
    Завод Фабрикаларды салып, элге жумуш оордун тузуп бергендин оордуна, элди тоногон акмактарсилерди кудай жазаласын
  • Д А
    Эски машинабызды эптеп чалып алган уйубузду болгон оокатыбызды тартып алсанар эмне акыр заман жакын калдыбы сурак баарызга бирдей
  • Миржан Базарбекович
    Силерге окшогон каражаты жок болсо мулкун уялбай аласынарбы Коопсуздук шаар болгону жакшы бирок ченемсиз айып пулуна эл тен эмесмейли 300сомдук айыпты 500сом болсо деле болмок оьу жок он эселетпей
    1. Макс
      Анте берсе баары эле жол эрежесин буза берет

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter