jump to https://bit.ly/2UlpJnf /

 

Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун эркиндикке чыккандагы видеосу (видео)

 

"Бийликти басып алууга аракеттенген" деп соттолгон Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаралды. Мындай чечим тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы 12-февралда кабарлаган. Ишти кароону алардын адвокаттары суранышкан эле.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова соттун чечими келип түшкөн соң беш-алты саат аралыгында алар бошотуларын айтты.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, алар 12-20 жылга чейин камалган. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөтү кыскартылган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter