jump to

 

"Чет элде жүргөн кыргыз жарандарынан милдеттүү камсыздандырууга деп 300 сомдон алынат деп жатыпсыңар. Уят болбогула, мындай сунуштарды чыгараардан мурун жакшылап иштеп чыккыла", - деп Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Руслан Казакбаев айтты.

 

"Кайсы камсыздандыруу жөнүндө кеп болуп жатат?", - деди Казакбаев.

 

Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов: "Конституциялык нормаларга ылайык, миграция боюнча мамлекеттик кызматы эч кимди акча төлөөгө милдеттүү кыла албайбыз", - деди.

 

"Анда эмне сунуш бердиңер?", - деген суроо жаралды Казакбаевде.

 

"Учурда ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз, изилдеп жатабыз. Мигранттардын жашоосун жеңилдетүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бизде андай сунуш жок", - деп кошумчалады Шерипов.

 

Буга вице-спикер Мирлан Бакиров: "Кандай жок? Кеээ департаменттин башчысыбы, бөлүмүбү айтты деп маалымат кетпедиби", - деди.

"Урматтуу миграция кызматынын статс-катчысы, кечээ департаменттин башчысы бул маселени айтты деп маалымат тарады. Эгер мигрант каза болуп калса, анын сөөгүн өлкөгө алып келүү үчүн милдеттүү камсыздандырууну киргизүү сунушталып жатат дешти. Мен суранам, уят болбогула, мындай нерселерди жакшылап иштеп чыгып анан талкууга чыгаргыла. Ар бир мигрант камсыздандыруу боюнча маселени өзү чечет. Кааласа камсыздайт, каалабасаа камсыздабайт", - деп кошумчалады Казакбаев.

Erke
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter