jump to
13 февраля 2019, 14:01

Депутат: Милиция кызматкерлеринин арасында кандайдыр бир эпидемия жүрүүдө. Бир туруп мас болушат, бир туруп атышат

 

 

Депутат: Милиция кызматкерлеринин арасында кандайдыр бир эпидемия жүрүүдө. Бир туруп мас болушат, бир туруп атышат

 

Учурда Жогорку Кеңеште “Курал жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

 

"Милиция кызматкерлеринин арасында кандайдыр бир эпидемия жүрүп жатат. Бир туруп алар мас болушуп, бир туруп атышууда", - деген оюн жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов билдирди.

 

"Жакында эле Токмокто атышуу болгондугу тууралуу маалымат чыкты. Анан облустук милициянын башчысы бул тууралуу маалыматты басылмалардан окуганын өлкөнүн баарына айтып жатат. Ушундай кантип болсун? Ички иштер министри буга көңүл бурушу керек. Милиция кызматкерлери ок атуучу курал көтөрүп жүрөт. Мас абалында унаа башкарып, ок чыгарганга алардын эч кандай укугу жок. Буга эч кандай чара көрүлбөй жатат",- деди Сулейманов.

 

Депутаттын билдирүүсүнө ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев милиция кызматкерлери мыйзамга ылайык катуу көзөмөлдө экенин. Бирок, каалаган убакта ок чыгарууга алардын эч кандай укугу жок экенин айтты.

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter