jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
14 февраля 2019, 11:38

Депутат: Өкмөт Бишкек ЖЭБиндеги окуя кайталанбаш үчүн кандай иш-чараларды иштеп чыкты?

 

Депутат: Өкмөт Бишкек ЖЭБиндеги окуя кайталанбаш үчүн кандай иш-чараларды иштеп чыкты?

"Өкмөт Бишкек ЖЭБиндеги окуя кайталанбаш үчүн кандай иш-чараларды иштеп чыкты?", бул суроону депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин жыйынында алып чыкты.

"Биз азыр башкы прокурорду уктук. Акыркы сөздөрүн да уктук, "суроону этият бергиле, сотко көп тийшпегиле дегенин" да уктук. Бирок бул киши бүт кылмышынын баарын айтып берип койду да. Мындан улам биз регламенттин процедурасы менен туура кеңешип алсак. Биз кылмыштардын баарын угуп келе жатабыз, анын баары соттук өндүрүштө. Анын баарын сот чечет дегенге кошулабыз.

Учурда мамлекетти, Жогорку Кеңешти кызыктырганы бул окуя кайра кайталанбашы үчүн өкмөт кандай иш-чаралады иштеп чыкты? Отун, өнөр жай тармагында кандай иштер болуп жатат? Бишкек ЖЭБдеги жагдайды көрдүк, келечекте дагы кандай иштер болот, жаңы ЖЭБдерди, долбоорду иштеп чыгабызбы. Эгер мындай нерсе кайталанса элди кыйнап койбойбузбу?Мамлекеттик, улуттук деңгээлдеги долбоорлордун келечеги кандай болуп жатат? Кара-Кече маселесин уксак болмок, Бишкек ЖЭБдин башчысын угуп, модернизация кайсы тепкичке келди, бүттүбү же бүткөн жокпу, ал качан бүтөт дагы канча каражат бөлүнөт мына ушул тууралуу малыматтарды уксак туура болмок", - деди Абдылдаев.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter