jump to

 

 

Депутат: Ирина Карамушкинанын логикасына таянсак, жылына бир төраганы камашыбыз керек (видео)


"Эгерде Ирина Юрьевнанын логикасына таянсак, анда жылына бирден Жогорку Кеңештин төрагасын камап турушубуз керек",- деген оюн депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


"Биз жакында эле бюджетти бекиттик , 156 миллиард сом. Ошолор министрликтерге, жолго, мектепке бөлүнөт. Анан ипподромдон, тарых музейинен, онкологиялык ооруканадан жегендей жешет. Түздөн-түз жегендер бар. Ушунун баарына төрага жооп береби? Мына логикасынын деңгээли.
Экинчи анын логикасына таянсак, Жогорку Кеңеште отурган 120 депутаттын барын камаш керек. Себеби, келгенден бери эки жылда биз 46 келишимге кол койдук, 1 миллиард 960 миллиондон. Ошондон бир тыйын алынбасына кимиңер кепилдик бере аласыңар? Алынат! Бирок, ага Жогорку Кеңеш эмес, андан кийинки тендердик комиссия, министрликтер, эң көп насыя алган транспорт министрлиги, энергетика министрлиги жооп бериши керек",- деди депутат.

 

Буга чейин депутат Ирина Карамушкина өлкөдө парламенттик башкаруу экенин жана бардык макулдашууларды парламент кабыл аларын, бирок эмне үчүн депутаттар жоопкерчиликке тартылбасын айткан.

 

Каныбек Иманалиев депутаттын бул суроосуна " Жогорку Кеңеште 120 энергетик отурбайт, бардык келишимге адистер жооп берет. Фракция лидери депутттарга кол коюп берүүсүн суранат. Мындай учурда кол койбойм деп эч ким каршылык кылбайт. Парламенттин эл аралык декларациясына ылайык, депутат өзү берген добушка жооп бербейт",- деген оюн айтты.


Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБи боюнча өкмөт маалымат берип жатат. Мындан тышкары жыйында 6 маселе каралат.

Banner
1 комментарий
  • Аман
    Как неудивительно! Но логика ее верна! Народ всей страны в большинстве своем высказывают такую точку зрения, что депутаты, чиновники и органы правопорядка должны сидеть в тюрьме! Так как именно вы все вместе должны так работать, чтоб ни одна копейка не была украдена! Тогда зачем вы нужны Зачем содержать столько бесполезных людей Если все равно все воруют и вы не даете никакой гарантии, что деньги полученные не будут украдены!

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter