jump to
14 февраля 2019, 13:08

Депутат: Аткаминерлер келген акчаны орду менен иштете албай уят болуп жатабыз

 

Депутат: Аткаминерлер келген акчаны орду менен иштете албай уят болуп жатабыз

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт Бишкек ЖЭБи боюнча маалымат берип жатат.

Депутат Рада Түмөнбаева "Аткаминерлер келген акчаны өз орду менен иштете албай уят болуп жатабыз", - деген оюн билдирди.

"Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирилген. 111 миллион доллар карыз болуп жатабыз. Күнөөлүүлөрдү камасак, конфискация кылсак дагы ал акчаны ордуна кайтара албайбыз. 4 жылдын ичинде Жогорку Кеңешке 49 ратификация келсе, ошонун баарын инвентаризациялап чыгалы. Сатып алуулар туура болуп жатабы? 111 миллион доллар элдин моюнуна илинип жатат. Кытайды күнөөлөп жатканыбыз туура эмес. Анткени алар бизге акча берип жатат", - деди депутат.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Erke
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter