jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
28 февраля 2019, 15:39

Атамбаев соттон жеңилди

 

Атамбаев соттон жеңилди

 

“Буттан жаңылган турат, тилден жаңылган турбайт” деп айтылгандай, тилинен жаңылган Алмазбек Атамбаев бир кезде калпыс сүйлөгөн сөзүнөн кесепетинен А.Бекназаровго, А.Келдибековго жана К.Дүйшөбаевге 100 мин сомдон айып пул төлөмөй болду. Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту Алмазбек мырзаны 300 мин сомго айыпка жыгып, ириде аты аталган үч жаранга 100 мин сомдон төлөп бериүүнү милдеттендирди. Бул эми тилге сак болбогон адамдын кетирген катасы экенин Алмазбек мырза дагы бир жолу далилдеп койду.

 

Бир кезде коншу казак элинин ажосуна дагы ачуу сөз айтып алып, алар чек арасын жаап, канча киши бир ооз сөздүн азабын тартты эле. Эми минтип өзү дагы жөн жерден 300 мин сомго чыгашага кириптер болуп олтурат. Андыктан “олонбой сүйлөгөн онтогон ооруга кабылат” деген кептин аныгы эми дагы бир жолу билинип калды көрүнөт. Айткандай тилге сак болуу дагы жашоодогу чоң жетишкендик экенин эске алган жөндүү.

 

Бердикожо Бийназаров

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter