jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
28 февраля 2019, 15:47

Бир справканын баасы миң доллар -дейт

 

Бир справканын баасы миң доллар -дейт

 

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов агынан жарылып, жер казынасын иштеткен ишкерлерге мамлекеттик кызматкерлер бут тосуп жатканын айтып, айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген кызматкерлердин жоругуна токтолуп, аларга нааразы экенин билгизди.

Эгер алар бир справка үчүн 500дөн 1000 долларга чейин акча талап кыла  турган болушса, анда инвесторлорду чочутуп алып, ишти таштап кетип калышы толук мүмүкүн деп айткан кебинде чындык бардай.

 

Анын себеби өкмөт жер казынасын иштетүү тармагына айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги көзөмөл жүргүзүүнү милдеттендирилген. Анан баш ал десе, бөрк алган кызматкерлер бир спарвка үчүн миң доллар  талап кылып жатканы, чоң талашка жем таштап, учурда бул маселе боюнча текшерүү иши жанданмай болду. Бирок карга-карганын көзүн чукубайт болуп, жабылуу аяк жабылуу бойдон калышы да толук мүмкүн. “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” деп айтылгандай, коррупция мына ушундай справкага чоң акча алгандан башталары да анык.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter