jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
28 февраля 2019, 16:04

14 жылдан бери кылмыш иши ачылбай турат

 

14 жылдан бери кылмыш иши ачылбай турат

 

Мындан 14 жыл илгери, тактап айтканда 2005-жылы өзгөн районунда болгон адам өмүрүн кыйноо жолуу менен кыйган кылмыш ишине 8 жолу иш козголуп, азыркыга чейин аягына чыкпай келе жатканы кандайдыр бир сыр түйүнүн ичине камтып тургандай.

 

Айткандай ошол жылы Турдубек Акматов аттуу жарандын мойнуна күнөө илиш үчүн он саат бою сабап, кыйноонун ар түрдүү жолун колдонушканы менен милиция кызматкерлери,  күнөөнү маркум Турдубектин мойнуна иле албай коюшкан. Акыры жаны катуу кыйналган Турдубек мырза милиция кызматкерлеринин  кыйноосуна туруштук бере албай, ошол күнү кечинде жаны үзүлгөн.

 

Эми ошол кылмыш ишине себепкер болгон формачандардын  табылбай жатканы азыркыга чейин  иликтенип, арабызда эле жүргөн кылмышка шектүүлөр табылбай жатканы талаш бойдон калууда. Айткандай Турдубек Акматовдун жакындары бул кылмыш ишинин ачылышынан үмүттөрүн үзүп койгон, бирок өкмөт 200 миң сом компензация төлөп берүүсү кичине болсо дагы өчкөн үмүттү жандырды. Эми бул кылмыш иши боюнча тогузунчу жолу иш козголмой болду, аягына чыгабы аны бир гана убакыт билбесе, ачык айтып болбой турган кез.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter