jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Бүгүн, 28-февралда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева колунда Чаткал районундагы кен байлыктарын чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берүү боюнча аукциондордогу коррупция тууралуу документтер бар экенин айтты.

 

Касымалиеванын айтымында, бул кагаздарда кен байлыктар «афералык жол менен болбогон акчага сатылганы» жазылган:

 

"2017-жылы 10-апрелде болжолдуу 20 тонна 41 килограмм алтын запасы бар Турпак-Түштү кенине аукцион өткөрүлүп, «Асман-Таш» компаниясы 200 миң долларга утуп алган. Ошол эле жылдын 3-мартында болжолдуу 10 тонна уюма алтын запасы бар Чаар-Таш кенине өткөн аукциондон болгону 71 миң долларга «Алтын-Жон» компаниясы уткан. Уюма алтын кендер дүйнөлүк практикада өтө кымбат бааланары белгилүү. Бизде болсо 10 тонна запасы бар деген жер Бишкектеги эки бөлмөлүү батирдин акчасына бааланып келе жатат",-деди вице-спикер.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter