jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
1 марта 2019, 11:21

Курсан Асанов: Түкүрүккө салынган айып пулдун баасы 5 миң 500 сомдон 1 миң сомго азайтылды

 

Курсан Асанов: Түкүрүккө салынган айып пулдун баасы  5 миң 500 сомдон 1 миң сомго азайтылды

 

Түкүрүккө салынган айып пулдун баасы  5 миң 500 сомдон 1 миң сомго азайтылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бүгүн, 1-мартта өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

 

"Жаңы жылдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердеги айып пулдардын көлөмү көп болгондуктан жана жеке жак менен юридикалык жактардын айып пулунда айрымачылык чоң болгондуктан ага өзгөртүүлөр киргизилди. Айып пулдардын суммасын азайтууга коомчулуктагы терс пикирлер да түрткү болду. Бүгүнкү күнгө чейинки түкүрүккө салынган айып пулдар боюнча толуктоолор болуп, ал күчүнө кирбегендиктен айып пул өндүрүлбөйт. Айып пул 5 миң 500 сомдон 1 миң сомго азайтылып, коомдук жайларда тамеки тартуу, семичке чагуу жана түкүрүү коомдогу тартипти бузуу катары эсептелинет", - деди Асанов.

 

Erke
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter