jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

Шыкмаматов: Абылгазивдин атынан чет элдик жарандарга берилген куралдар кылмыштуу топтун мучөлөрүнөн чыгып калып жатат

 

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов кече, 28-февралда Жогорку Кеңеште өткөн "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун кароо учурунда премьердин атынан чет элдик жаранга сыйлык катары канча курал берилгенине кызыкты.


Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев бул жабык маалымат экенин айтып, депутатка толук маалыматты жиберип коерун айтты.


Эл өкүлү "Эмне үчүн бул жабык маалымат болушу керек? Бул жакта депутаттар отурат. Алар угууга милдеттүү. Биздин конституциялык укугубуз бар. А сиздер болсо айтпайбыз деп жатасыздар. Россиянын 10-15 жараны келип, сыйлыкка курал алып кетип жаткан учурлар бар. Алар бизнесмендерден, кылмыштуу топтун мучөлөрүнөн чыгып калып жатат. Бул жерден чоң шек жаралып жатат",- деди депутат.


Алмазбек Орозалиев толук маалымат бере албасын айтып, жалпысынан 157 чет элдик жаранга сыйлык катары курал берилгенин кошумчалады.

Отправить новости WhatsApp News
Erke
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter