jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
1 марта 2019, 13:33

Жалал-Абадда мэр менен иштөөдөн баш тарткан жаамат жумуштан кетти

 

Жалал-Абадда мэр менен иштөөдөн баш тарткан жаамат жумуштан кетти

 

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы маалымат борборунун чыгармачыл эмгек жамааты калаа башчысы менен иштешүүнү каалабагандыктан жумуштан кетишти. Бул тууралуу өз ыктыярлары менен жумуштан кеткен кызматкерлер билдиргенин Turmush.kg сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, чыгармачыл жамааттын 7 кызматкери өз ыктыярлары менен жумушун таштап кетишти. Мындай кадамдарын кызматкерлер мэрдин кадр тандоодо саясатына нааразычылыктары жана мэр менен иштешүүнү каалабагандыктарын жүйө катары келтиришти.

Маалымат борбордун жетекчиси Жалил Сапаров кызматкерлери жумуштан кеткенин ырастады жана өзү да мэрдин демилгеси менен жумушун тапшыраарын айтты.

«Мен азыр эмгек өргүүдөмүн, андан ары жумушумду тапшырып берем. Кээ бирлери дароо өз арыздары менен кээ бирлери эмгек өргүүдөн ары кетишти. Мага өкүнүчтүүсү ушундай иштей турган маалында өздөрү мэр менен кызматташуудан баш тартып коюшту. Кызматкер өздөрү бир бул чечимди кабыл алышты», - деп билдирген Сапаров.



Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter