jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
1 марта 2019, 18:18

“Көк бөрү” федерациясындагы талаш-тартыш кимдин пайдасына чечилет?

 

“Көк бөрү” федерациясындагы талаш-тартыш кимдин пайдасына чечилет?

 

Мындан жыйырма жыл мурун түптөлгөн “көк бөрү” федерациясынын иши учурда чатак жагына айланып турган кези.

Айткандай казак туугандардын тай казанды алып салуу боюнча сунушу, талаш маселени жаратып эки тараптуу талкуу болуп, бул ишке бир кезде “Көк бөрү” федерациясынын президенти “Канат Исаев кол койгон” деп күнөөлөп чыгышкан болучу. Бирок, бул айтылган сын пикирге Канат Исаев каршы чыгып, кол койбогонун ачык айтып, жалган жалаа экенин пресс конференсияда билгизди.

Айткандай эле буга чейин тай казан маселеси Ташткенте талкууга алынып, бирок бир тараптуу чечилбей калып, Астанада боло турган жыйында чечилери анык болгон.

Андан соң Астанада болгон жыйында ошол кездеги “Көк бөрү” федерациясынын президенти барбай калып, Кыргызстандын өкүлдөрүсүз, казак баурлардын тай казанды алып салуу сунушу бир тараптуу ишке ашып, азыр талаш маселеге жем таштап, чоң чырдын учун чыгарып туран кези. Тээ илгертен бери ойнолуп келген Көк бөрү оюнун, тай казансыз элестетүү да кыйын. Андыктан бул маселенин чечилиши дагы көпкө созулчуудай болуп калды көрүнөт.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Banner
1 комментарий

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter