jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
2 марта 2019, 11:56

Багы ачылбаган дыйкандар

 

Багы ачылбаган дыйкандар

 

19-февралдан бери казак тарап картошка, алма, курма өңдүү өсүмдүктөрдү киргизбей, вита санитардык кызматы чектөө киргизип, учурда дыйкандардын эмгеги күйүп, кыйынчылык күч алып турган кез. Ал ортодо сүйлөшүүлөр болуп, 8-марттан баштап чектөөлөр алынып салынмай болгону айтылды.

Бирок, убакыт алга жылган сайын, өсүмдүктөр сапатын жоготуп жатканы да бар. Ушул ишти учурунда чечип койгондо анда мындай көйгөйлөр болбойт эле. Эмне болгон күндө дагы айыл чарба министрлигиндеги кетирилген кемчиликтер дыйкандарга кесепетин тийгизип жатканы да чын. Деги качан дыйкандардын багы ачылып, алган түшүмдөрүнүн үсүрүн көрөт болду экен?-деген суроо али күнчө жоопсуз калып келет.

Билинбей жаз да келди, дыйкандар эмне айдап, кандай өсүмдүктөрдү өстүрү керек экенине акылдары жетпей, жогору жакты үмүт менен кароодо.Ал эми айылчарба министрлиги суу кечпеген шылтоолорду айтып, шылкы бош айткан кептери үмүттү жандыра алчуудай эмес.

 

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter