jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
2 марта 2019, 14:02

Милиция дагы адам сабады

 

Милиция дагы адам сабады

 

Бишкек шаарынын Октябрь районунун үч милиция кызматкери биригип алып, Бишкек шаарынын тургуну Элдияр Асангариевди өздөрүнүн бөлмөсүнө алып келип алып, эшикти ичинен илип, бери жакта жабырлануучунун апасы “уулумду сабабагыла” деп айткан суранычына көңүл бурбастан катуу сабап, натыйжада Элдияр Асангариевдин эки омурткасы жарака кетип, милицияканага дени сак, өзү басып келип, ордунан тура албай калганча токмок жеп ооруканага тез жардам машинасы менен алып келгени дайын болду.

Албетте бул жерден бир тараптуу алгандан алыс болсок, балким жабырлануучу Элдияр мырзадан да күнөө кеткен чыгар?-деп айтканыбыз да туура. Бирок ошондо дагы энесинин көзүнчө сабабай эле коюшса болмок. Бул окуядан улам тартип сакчылары кадимки кинодогу таш боор адамдардын элесин берет десеңер. Чындап алганда энесин каратып туруп, баласын сабаган милиция кызматкерлеринин колунан келе турган иш эмес эле. Бул жакта дагы “өз ишин толук билбеген сабатсыздар иштеп жатабы?” деген ой келбей койбойт экен.

Былтыркы жылдан бери кыйноого кабылгандардан 123 арыз түшүп, анын 90 пайысы милиция кызматкерлеринен жабыр тарткандар экени айтылды. Ушундан улам тартип сакчылары тартипти сактабай эле өздөрү бузуп жатканбы? -деген суроо пайда болот - экен.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • Айбек
    Нужно срочно отправить в отставку руководство МВД, так как оно некомпетентно, не справляется с работой, не может навести порядок и развалило систему

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter