jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
2 марта 2019, 14:05

Күкүк эне жана ак халатка көө сүйкөгөндөр

 

Күкүк эне жана ак халатка көө сүйкөгөндөр

 

Албетте жашоодо күтүлбөгөн эмне деген гана окуялар болбойт. Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, баладан керек болсо жаныбарлар дагы баш тартпайт. Бирок акылы бар адам баласы болуп туруп, өз канынан жаралган баладан баш тарткан күкүк энелер жок деп айтсак, оозго жарашпайт. Баладан баш тартып, акчага сатуу фактысы кайталанып эле келе жаткан көрүнүшкө айланганы да чын.

17-февраль күнү 2кг, 880гр салмакта төрөлгөн эркек баласын 26-февраль күнү 190 миң сомго баалап сатып жаткан күкү эне Бактыбекова жана ак халат кийген мед айым 31 жылдан бери ушул ооруканада иштеген Жамила Тутукучева жана улуттук госпиталда кулак-мурун жана тамак оорусун дарооло тармагында иштеген Нуриса Малабаева кармалып, учурда сурак берип жаткан кези.

Айткандай бала сатып жан багып калгандын өзү эле эмне деген сөздүн ичине камтып турат. Эскерте кетсек буга чейин деле ак халатчандардын бала сатуу боюнча бандасы кармалып, абакка камалганы калың журтка маалым болгон. Андан дагы бир айга жетпеген убакыт илгери эле жеке менчик медициналык борбордон бала саткан дагы бир факты менен иш козголгон болучу. Андыктан акыркы кездерде күкүк энелердин саны арбып, бала саткан адатка айланып бара жатканы өкүнүч жүгүн артууда. Айткандай баланын энеси Бактыбекова план жок жерден бала боюна бүтүп, анан төрөлүп калып, сатууга мажбур болгон экен. Кап, алгач ушул ишке барардан мурда ойлонсо болмок экен, курган эне, өз канынан жаралган баланы жээрибей.

 

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter