jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
2 марта 2019, 17:30

Жанат Бейшенов келе элек жатып сынга кабылды

 

Жанат Бейшенов келе элек жатып сынга кабылды

 

Мамлекетибиз кадр саясаты жагынан аксап келе жатат- деп айтылууда. Минтип айткан кептин төркүнү эчак эле элге маалым болгон.

Анткени эгемендүүлүктү алганда эле айыл-чарба жагына ыңгайлашкан өлкөбүзгө илимпоз А.Акаевди президент кылып алып келип алып, башында эле ээрге кыйшык олтуруп, кадр тандоо жагынан аксаганбыз. Ошондон бери өкмөт кадр саясатынан аксап эле келе жатканы да чын. Минтип айтып жатканыбызга бир мисал менен токтолсок.

Жакында эле жол-транспорт министри болуп шайланган Жанат Бейшенов депутаттардын сынына кабылып, берилген суроого жооп бере албай абдан уят болду.

Айткандай Жанат Саматовичтин кесиби инженер курулушчу экен. Архитектор-курулуш тармагын бүтүргөн. 1- орун басары Жеңишбек Ногойбаевдин кесиби инженер-механик. Ал эми 2-орунбасарынын кесиби экономист, 3- орун басарынын кесиби инженер-стажёр экен.

Анан ушул кесип менен жол –транспорт министрилигинде эмне кылып жүрөшөт, курган немелер, чоочун короого түшүп калган койдой болушуп.

Айткандай Жанат мырза ишке жаңы келгенде эскертилиптир «жол-транспорт тармагында иштеген, иштин көзүн билген кесиби туура келген кишини ишке ал» деп. Бирок, көнүп калган өң тааныш, таяке-жээндер анда ишсиз калып жатпайбы.

Ооба, кесиби боюнча жол-транспорт тармагында Жанат Бейшеновдун өзү деле иштей турган жөнү жок экен. Анан эмне болуп бул ишке барып калды?-деген суроо дагы жоопсуз калууда.

Бул жерден койчуну тракторист, трактористти врач кылып иштеткендей эле болуп, кадр жагынан аксап келе жатканыбызды моюнга алып койгонубуз оң болчудай. Анан кантип өлкө өнүгөт дагы сапатуу жол кантип салынат? Ушул жагын эске алган негизги маселе болуп турат

 

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • данияр
    в минтрансе надо менять всех министров, замов, ставить новых людей, профессионалов, там все по старинке, сват, брат и лишь бы хапнуть, одним словом колхозники

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter