jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
4 марта 2019, 11:01

А. Суракматовдун дагы иш сапары карыдыбы?

 

А. Суракматовдун дагы иш сапары карыдыбы?

 

Борбор шаарыбыз Бишкек мэрге жарыбады. Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, мэр болуп келген чиновниктердин баарына коррупциялык жол менен иш козголуп, иштен кеткени кетип, көбү абакка камалганы да чын. Алсак Нариман Түлеевди.

Кытайдан автобус алып келүүдө чоң акча жагынан катачылык кетирип, бир топ жылды темир тордун артында өткөрүп, абакка жатып чыкканы бар. Андан кийин депутат Иса +мүркуловго дагы кылмыш иши козголуп, аз жерден калганына өткөн кез күбө. Орус мектепте окуп, орусча сүйлөп көнгөн Кубанычбек Кулматов бөбөктөргө арнап салынган мектептен акча жей коюп, учурда сурак берип жаткан кези. Чоң ишеним менен келген Албек Ибраев биртоп жыл мэр боло коюп, тоо- таш, токойдон бери менчиктеп алып, азыр бул киши дагы абакта сурак берип олтурган учуру. Ал эми бир жылга чукул убакыттан бери иштеп калган А.Суракматовдун дагы дарегине жагымсыз сөздөр айтыла баштаганы, анын дагы иш сапары карып калгандан белги берилүүдө. Андан дагы бир жыл ичинде көзгө көрүнө тургандай иш кылбаганы дагы калың элдин арасында айтыла калып жатканы, курган киши иштин көзүн билбей жатандай.

Билинбей жаз да келди, эми билинет мэр кандай иштерди жасаганы. Эмне болгон күндө дагы көзгө илинген иштерди жасап, алдым-жуттумга берилбей, иштен кете турган болсо дагы коррупцияга малынбаса экен! Качанкыга чейин мэр ичип-жеп, сурак берип жатат деген сөз айтылат болду экен?

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter