jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
4 марта 2019, 12:18

Солто коомунун курултайынын максаты эмне?

 

Солто коомунун курултайынын максаты эмне?

 

Кечээ 3-мартта Сапар Исаковдун таэжесине таандык Ала-Тоо кефесинде “Ай тамгаСолто” коомунун курултайы өттү. Ал курултайга Темир Сариев, Апас Жумагулов, Канат Исаев өңдүү төбөсү көрүнгөндөр катышып,бул коомдун тең төрагалыгына экс президент А.Атамбаев жана аэропорттун экс президенти Эмил Чокоев дайындалганы, солто коомунун жаштарын нааразы кылды “Эмне элди экиге бөлүп жатасыңар” деп. Айткандай эле элди ким бөлөт, албетте саясатчылар. Ансыз деле түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлгөн дагы мансапка көз арткандар экенин жашырганда эмне? Баары бүтүп Алмазбек Атамбаев менен Эмил Чокоевдин солто коомуна тең төр ага болушу эле калды эле. Мансапка көнүп калган адам эмне болгон күндө дагы креслону эңсеп, чоң болгусу келээри дагы бир жолу аныкталып калды. Айткандай солто коомунун курултайынын артында эмне жатканы баарына маалым. Анткени эмдиги жылы депутаттык ат салышка азыртан даярдык көрүү экенин эч ким тана албайт. Бирок, тээ илгерден бери айтылган кеп бар эмеспи “мышык жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту”деген. Ансыңары азыртан канат күүлөп калган бул саясатчылар, чабал өрдөк мурда учат болуп калышпаса болду.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • Арашандыктар
    Көтамбаев сариев чокоев кытай урусунан болушат жакында Арашан эли алкашты таласка куп чыгарабыз т

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter