jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
4 марта 2019, 13:18

БААУда инновациялык колледж өз ишин баштады

 

БААУда инновациялык колледж өз ишин баштады

 

Кече, 3-март күнү Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы Инновациялык колледжди прензентациялоо болуп өттү. Технологиялардын тынымсыз өнүгүшү адам жашоосундагы бардык чөйрөдө өзгөртүү жаратары талашсыз. Ишмердүүлүк чөйрөсү дагы ушул кырдаалга туш болот. Адистердин белгилешинче, жакынкы 10 жыл аралыгында 200гө жакын жаңы кесип пайда болсо, 60ка жакын кесип жок болот.


БААУнун алдындагы Инновациялык колледж ушул сыяктуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, адистерди төмөнкү багыттар боюнча даярдап чыгарат:


- Стартап-финансы жана жогорку технологиялар;
-Бухгалтердик эсеп жана ишкананын коомдук жоопкерчилиги;
-Инновациялык банктык иш жана жогорку технологиялар;
-Жаңы ишкердик жана адамдык интеллект;
-Дизайн-менеджмент жана дизайн-ой жүгүртүү;
-Программалык инженерия жана коомдук трансформация;
-Экология жана энергетикалык эффективдүүлүк;
-Дизайн жана жогорку технологиялар.

 

Окуу жайда өткөн ачык эшиктер күнүнө колледждин багыттары боюнча түрдүү тармактан келген адистер өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

 

Адилет Сулайманов, бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (Бишкек Петролеум)

 

Роман,  программист (Grimwood Team)


Иш чаранын катышуучулары колледж даярдап жаткан кесиптин багыттары өтө актуалдуу экенин баса белгишет. Себеби, өлкөбүздөгү ири компанияларды өз кесибин мыкты билген, чет тилинде эркин сүйлөгөн адистер аз.


"Global Asia Management" компаниясынын директорунун жардамчысы Каныкей Жетыбаева  экология чөйрөсүндө адистер жетишсиз экенин белгилеп, бул багытты ачып жаткан Инновациялык колледж анын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенет.

 

Каныкей Жетыбаева, башкы директордун жардамчысы, Санжар Бейшембиев, инвестиция жана контролддоо боюнча башкы адис (Global Asia Management)

 

Алдыңкы жылдары актуалдуу жана керектүү кесиптердин баарын ичине камтыган окуу программасы дүйнөлүк стандарттарга ылайык өткөрүлөт. Студент убактысын үнөмдөө менен катар, жаш адис катары иштей алат.

 

  

Яна Лысенко,арт-директор (Grimwood Team)

 


Аталган колледжке 9-класстын бүтүрүүчүлөрү тапшыра алышат. Үч жылдык билим алуудан соң бүтүрүүү даяр адис катары кесиби менен иштеп, же болбосо 2-курстан өйдө окуусун уланта алат.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter