jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
4 марта 2019, 15:31

Чиновниктер дагы дааватка чыгып жатышат –дейби?

 

Чиновниктер дагы дааватка чыгып жатышат –дейби?

 

Элибиз эгемендүүлүктү алганы Кыргызстан дүйнө жүзүнө эшик ачып, А.Акаев “Кыргызстан наш овший дом”деп айткандай Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз болуп эле жатып калды.

Айткандай Сауд Аравиядан, Египеттен,Индиядан, Пакистандан келген диний агымдар “биздики гана туура жол” деп өздөрүнүн агымдарын жеткире айтып, кимисин ээрчишти билбей, учурда диний агымдардын көптүгүнөн баш адашып турган кез.

Ооба, бир кезде мектеп мугалимдери “окуучуларбыз дааватка кетип калып, сабакка келбей жатат” деп жогору жактан жардам сурап жүргөн кез артта калып,эми дааватка чиновниктер дагы чыга баштаганы, диндин ар тараптуу жактан өнүгүп жаткандан белги берет.

Январь айында Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков жергиликтүү кеңештин депутаттары менен Кара-Балта шаарынын мечитине үч күнгө дааватка чыгып келгенин айтты. Чыксын, ага эч кимдин каршылыгы жок, бирок, аларды туурап жогорку кеңештин депутаттары дагы дааватка кетип калып, ансыз деле 120 депутаттын теңи катышпаган жыйын такыр эле өтпөй калбаса болду.

Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле болуп, бир кезде Турсунбай Бакир уулу баш болгон диндин фанатары “бешинчи күндү эс алуу күн кылабыз” деп айтканы бар эле. Эми бизге ушул эле жетпей турганда, “каяктагыны баштабагылачы” деп, тура туралычы.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • Данияр
    Бердикожо Бийназаров сага дааватчылар эмне кылды Антип динге асылганыды кой сен! Кудайдын наалатына калып жубо Бул кылганын акмакчылык сеники

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter