jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
4 марта 2019, 17:27

Жардамга келген акчалар кайда кеткен?

 

Жардамга келген акчалар кайда кеткен?

 

Ооба, айткандай эле грант түрүндө сырттан келген акчалар жана карыз алган акчалар кайда кеткенине эч ким так жооп таба албай келет. Кээ бир маалыматтарга таянсак 26 жылдын ичинде грант түрүндө жардамга эле 2миллиард, 774 миллион доллар келиптир. Бул эми карызка сурап келген акчаларды кошопогондо. Бирок мынча чоң суммадагы акчалардын дайыны билинбей, кумга синген суудай гана жок болуп кеткенине ким күнөөлү.

Макул, мектептер салынды, жолдор оңдолду, экономист Акылбек Жапаровдун айтуусунда көп акчалар обу жок командировкага баргандардын жолуна жана баскан турганына кетиптир. Ушул сыяктуу майда-барат иштерге эле коромжу болгонун Акылбек Жапаров кенен токтолуп айтканы бар.

Ооба, жакында эле министр Таалайгүл Исакунова эс алуу өргөсүнө чыгып, ошол учурда өкмөттүн акчасы менен Америкага барып эс алып келгени майлуу ишинен алып тынган. Мындай мисалдарга токтолсок ого эле көп. Ал эми билинбей калганы канча? Андыктан грант түрүндө келген акчалардын дайыны билинбей, жем корлорлук күч алып, хан сарайлар салынып, жол тандабастар алынып, максатсыз чачылып, учурда чоң талкууга жем таштап, чыгымдар көп болгону айтылууда.

Ал эми карыздын чети оюлбай турганы дагы буга чейин иштеген чиновниктердин дарегине жагымсыз сөздөрдү айтканга түрткү берип келет. Деги качан акчаны туура жакка колдонот болдук экен?-деген суроо кимди гана ойго салбайт.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter