jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
5 марта 2019, 10:50

Жээнбеков: Сот таза иштесе элдин бийликке карата ишеними артат

 

Жээнбеков: Сот таза иштесе элдин бийликке карата ишеними артат

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу судьялар жана сот системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Көз карандысыз жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп, демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эмес. Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө адилеттүүлүк жана акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет.

Ошондуктан мамлекет кийинки жылдары сот системасын  терең реформалоого жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүп жатат.

Учурда сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, соттук жыйындар мезгилдин талабына ылайык жабдылууда.

Мындай шарттарда сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьяларга зор жоопкерчилик жүктөлүп, алардын кесипкөйлүгүн, кара кылды как жарган калыстыгын арттыруу өзгөчө мааниге ээ.

Мыйзам алдында бардыгы бирдей экенине элдин ишенимин бекемдөөгө, соттун адилеттүүлүгүн арттырууга сот системасынын ар бир кызматкери өз салымын кошот деп ишенем.

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакты-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!»

Отправить новости WhatsApp News
Banner
2 комментария
  • Нарын
    Сотко иши түшкөндөрдөн сурамжылоо кылып көрсөңөр, сотко ишеним деңгээлин аныктайсыңар Акча бербесең эч нерсе чечилбейт, он жерден сен тарап мыйзамдуу болгон күндө дагы, акча чечет, бул соттордун бизнеси
  • 007
    втирает нам по самые не могу скоро этот суд и его будет дербанить по приказу следующего президента

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter