jump to

 

 

9-19-мартка чейин Эр-Риядда өтүүчү этнофестивалда 1000ге жакын кыргызстандыктар учурда катышып жатышат. Буга чейин аталган фестивалдагы ткыргыз жигиттеринин жүрүм-туруму тууралуу журналист Бегимай Жаныбекова жазып чыккан.

 

Дүйнөгө уят кылгыла! Көк-бөрүчүлөр журналистке кайрылышты (видео)

 

 

“Өздөрүн патриотбуз деп, күнүгө ак калпагын башынан түшүрбөй жүргөн жигиттер. Мунусу албетте жакшы, бирок, алардын жүрүм-түрүмү абдан начар. Азырынча  фестивалга катышуу үчүн 500 кыргыз келди. Бизди борбордон алыс эмес жерге жайгаштырышты. Тамактануучу жайда швед столу жайгаштырылган, бирок бул бизге жарашпайт экен. Топтолгон эркектер тамакка жулунуп, бири-бири менен түртүшүп, тарелкаларына үйүп салып, суусундуктарды ящиги менен эле номерлерине көтөрүп кетип жатышат. Анын кесепетинен башка адамдар ачка калууда. Салып алган тамактарын түгөтө жебей, тарелкага таштап койгондору да кыжырды келтирет”,-деп жазган журналист.

 

Көп өтпөй көк-бөрүчүлөр социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, видео жүктөшкөн. Алар бул жактагы кыргыздардын терс жүрүм-турумдарын чыгарып жатышканына нааразы.

 

"Бегимай Жаныбекова деген журналистка кызыбыз бүгүн жакшы эле атагын чыгарды окшойт. Азамат! Ошентип кыргыздардын ар бир терс көрүнүштөрүн сүрөткө тартып, астына сонун кылып жазып фейсбукка көп көптөн чыгарып туруңуз. Ошондо атыңыз алыска чейин кетет. Кыргыздардын Сауд Аравияда кандай даярдык көрүп жатканын чыгарбай эле койгула. Жалаң терс нерселерди чагылдыргыла ошентип, кыргыз журналисттер! Артка тарткыла! Дүйнөгө уят кылгыла! Бул жерден ошондой нерселерди жазгыла деп жибергенби деп койдум",- деп жазылат билдирүүдө.

 

Дүйнөгө уят кылгыла! Көк-бөрүчүлөр журналистке кайрылышты (видео)

Banner
5 комментариев
  • Калыс
    Бегимай Жаныбекова "Супер инфо" деген ушактарды таратып нускасын кобойткон желтый прессанын журналиси деген чынбы? Ал жерге элдин атынан биздин баалуулуктарды коргозуу учун бара жаткандан кийин жетекчилер бара жаткан адамдарга озун алып журуу боюнча тушундуруу иштерин жургузуш керек болчу. Журналист деле жазат десе эле жаза бербей чондоруна айтып, тарбияга чакыртып койсо болмок.
  • Колдук
    Колдуктор онолгула! Эр жигит жоо бетинде Дейт Орозодо деле журушпойбу Эмнеси болсо да ачкадан Бир кундо отбой Мындан ары уят кылбогыла! Кок боруну колдон эмес Кыргыздын наамынан ойногону бардынар Болунбойлу
  • улакчы
    Улакчылар жапай болуп кеткенин эми билдинерби буларды улак тартыштан кетириш керек чмолор акмактар
  • Ананим
    Силер ал жакта КР атынан журосунор, кол эмес жалпы кыргыз элине кайрылсанар
  • мэн
    Оздорун коргондон киин онолушса керек Адам болуп башташыптыр

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter