jump to https://bit.ly/2UlpJnf /

 

Москвада кыргыз кызын унаа сүзүп кеткен. Анын аты-жөнү, ким экендиги такталбастан ооруканага жеткирилген. Бул маалымат менен Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

"Урматтуу Мекендештер! Москвада такси тармагында иштеп жаткан Чолпонбек Хажибеков деген бир тууганыбыз бүгүн, 6-мартта эртең менен Москвада кырсык орун алганын билдирди. Кырсык Вавилов-60 жыл жана Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда бир кыргыз карындашыбызды унаа сүзүп кетиптир. "Кызды жолдо жаткан жеринен көтөрүп жол жээгиндеги аялдамага отургузуп, "Тез жардам" чакырдык. Аны ооруканага алып кетишти. Ага чейин кыздын аты-жөнүн сурап, тактап алалы десек, нес абалда болгондуктан сүйлөй албай койду",- деди Хажибеков. Ал мага кыздын видеосун жиберди. Эгерде кызды таанып-билгендер болсо тез арада байланышып, кабар алгыла, туугандары издеп жаткан чыгар", - дейт Кошматов.



Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter