jump to
11 марта 2019, 10:41

Суракматовдун басмайылы бошодубу?

 

Суракматовдун басмайылы бошодубу?

 

Кечээ жакында болгон аялдардын март майрамында Бишкекте аялдар өз укуктарын коргоо үчүн көчөгө митинге чыгышканы баарыбызга маалым. Бирок, «ал митингге чыкканга эмнеге уруксат берди?» деген талап менен 13-мартта «Кырк Чоро» деген аталышта таанылган «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикме Бишкек шаарынын мэри Суракматовду жана мрияда иштеген жоопту кызматкерлердин оставкасын талап кылып, митинге чыга тургандарын билгизип, бирикменин башчысы Замирбек Көчөрбаев бүгүн 11-мартта мэрияга нааразычылык акциясы тууралуу маалымдайт.

Анткени 8-март күнү болгон митингде аялдар колдоруна сексуалдык азчылыкты колдогон жана дагы улутубуздун идиалогиясына төп келбеген плакаттарды да көтөрүп чыккандары себеп болуп жатканы ушул ишке барганга түрткү берген.

“Орус оюндагыны кылат болуп” 8-март аялдарды сыйлоо күнгө көлөккө түшүрүп, “аялдар жылда 8-март күнү митинге чыкканды адат кылбаса болду” деп айтып чыккандар да болду.

Кыскасы А. Суракматов жана мэрияда иштеген жоопту кызматкерлер 13-мартта эмне деп жооп беришет, аны да күтө туралы. Ушундай нааразычылыктар ээрден алып түшчү эле, байкабаса Суракматов “курманыңар ыраазы болсун” деген бойдон, иштен кетип калбаса болду.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter