jump to
11 марта 2019, 11:41

Жээнбеков: Көпчүлүк сот кызматкерлери калем менен кагазга көнүп калгандыктан, компьютер менен иштөөдөн качышат

 

Жээнбеков: Көпчүлүк сот кызматкерлери калем менен кагазга көнүп калгандыктан, компьютер менен иштөөдөн качышат

 

Көпчүлүк сот кызматкерлери калем менен кагазга көнүп калгандыктан, компьютер менен иштөөдөн качышат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков соттордун съездинде билдирди.


Өлкө башчынын билдиринче мындай фактылар көп. Ал сот башчыларын компьютерди колдонуу жөндөмүн өрчүтүүгө чакырды.


"Эгерде күн сайын көнүл бурасаңар, үйрөнүп кетүүгө болот. Компьютерди колдоно билүү соттук системанын бир бөлүгү болушу керек. Биз жумуштун электрондук форматын киргизишибиз керек. Казакстанда 91% арыз сотторго элекрондук негизде түшөт",-деп билдирди өлкө башчы.


Президент көпчүлүк сот башчылары компьютерди колдонууну үйрөнбөстөн, ал жумушту жардамчыларына жасатып жатканын кошумчалады.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter